Turmush — Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз балык уулаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 12-мартында Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы жүргүзүлгөн кечки рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Тактап айтканда, Түп районунун Тогуз-Булак айылынын көл жээгинен Каракол шаарынын үч тургуну тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, ар бири үйлөтмө кайык менен көл акваториясына чыгып, кайырмак менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалды. Алар: 1986-жылы туулган Ч.У., 1977-жылы туулган М.Р. жана 1975-жылы туулган А.Э.
Текшерүү учурунда аталган жарандардан жалпы 39 даана көксерке (судак) балыгы табылып, далил зат катары алынды.
Аталган факт Түп РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүүлөр Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Тергөө амалдары уланууда.