Turmush — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кайырма суу сактагычынан анализдер алынып, лабораторияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, атайын жумушчу топ түзүлүп, жеринде иш алынып барылды.
«Буга чейин бизге жергиликтүү тургундар Базар-Коргондун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычында балыктар жапырт өлүп, суу бетине калкып чыгып жатканын айткан. Бул боюнча атайын адистердин тобунан түзүлгөн жумушчу топ жерине барып, суунун үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Ал эми өлгөн балыктар райондук ветеринардык жана тиешелүү кызматтар тарабынан чогултулуп, санитардык талаптарга ылайык Беккари чуңкурунда жок кылынды.
Адистердин чыгарган жыйынтыгында балыктардын өлүмү кыш мезгилинде суунун деңгээлинин төмөндөшү жана муз катмарынын калың болушуна байланыштуу кычкылтектин жетишсиздигинен улам болушу мүмкүн экени айтылды», - деди Исмаилов.
Базар-Коргон районундагы Кайырма суу сактагычындагы абалды Базар-Коргон район акими Алтынбек Бектуров баштаган жумушчу топ жеринде көрдү. Бул суу сактагыч Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгына карайт. Андагы кызматкерлердин айтымында, сууга калкып чыгып калган таман балыктар (карась) болгон.
«Кышкысын суу тартылганда көбүнчө таман балыгы өлүп калат. Суу көбөйүп, күн ысыганда өлгөн балыктар шамалдын нугуна карай суу жээгине чыгып калат. Бул жылда кайталанып турат», - деди алар.
Суу сактагычта атайын балыктар кармалбайт. Бирок балык сүйүүчүлөр тарабынан балык салынган учурлар бар. Суу сактагычта сазан, беламур сыяктуу балыктар бар.
Кайырма суу сактагычындагы суу айыл чарба жерлерине суу жеткирүү үчүн топтолот. Суу Базар-Коргондун Сайдыкум айыл аймагындагы айыл чарба жерлерине жеткирилет.