Turmush — Ош шаарында өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, акча опузалаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунун 2003-жылы туулган тургуну Т.Ж. 2026-жылдын 9-март күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Ош шаарынын И.Разаков көчөсүндө жайгашкан «Семетей» кинотеатрынын алдында белгисиз жаран өзүн Элдияр деп тааныштырып, милиция кызматында иштей тургандыгын айтып, «карындашыма жаман сөз айттың» деп ар кандай мыйзам жазалары менен коркутуп, камап коюушу мүмкүн экендиги менен коркуткандыгын билдирген.
Аталган жагдайды жакшы тарапка чечүү шылтоосу менен ал жабырлануучудан опузалап күч колдонуу жолу аркылуу 10 миң 500 сом акча каражатын жана паспортун алып койгон. Мындан тышкары кийинчерээк жабырлануучу менен телефон аркылуу байланышып, дагы 5 000 сом акча талап кылып, «бербесең үстүңдөн иш козгоп камайм» деп опузалаган.
Жаралган жагдай боюнча жабырлануучу Ж.Т. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, топтолгон материалдар укуктук баа берүү үчүн Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жөнөтүлгөн.
Аталган факт боюнча 2026-жылдын 11-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү 2026-жылдын 12-март күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жабырлануучудан опузалап акча каражатын жана уюлдук телефонун тартып алып жаткан учурда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө башкармалыгынын, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте кармалган.
Кармалган Ж. уулу Ж. 2001-жылы Өзгөн районунда туулган. Милиция кызматына эч кандай тиешеси жок. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иш-чаралары улантылууда.