Turmush — Кадамжай районунун Жийделик айылынын тургуну Исхак Акматжанов эжеси менен бирге сириялык хомяктарды багып, көбөйтүп, сатыкка чыгарып келет.
Анын айтымында, кыш мезгили хомяктарды көбөйтүү үчүн эң татаал учур болуп эсептелет. Ошондуктан бул маалда алардын баасы да кымбатыраак болот.
«Азыр Ош шаарында окуп, 1-курстун студентимин. Хомяктарымды өзүм менен кошо алып жүрөм. Эжем да өзүнчө багат. Көпчүлүк адамдар кышында хомяк сатышпайт, анткени көбөйтүү кыйын. Ошол себептен баасы 450–500 сомго чейин жетет. Ал эми жаз, жай, күз айларында арзаныраак болот. Себеби хомяктар бат өсүп, тез көбөйөт», — дейт ал.
Багылып жаткан хомяктар сириялык түргө кирет. Алар салыштырмалуу чоң болуп, узундугу орто эсеп менен 15–18 сантиметрге чейин жетет.
«Сириялык хомяктар өзүнчө жашаганды жакшы көрөт. Башка түрлөрүнө салыштырмалуу бат колго көнүп, мүнөзү тынч болот. Өмүр узактыгы орто эсеп менен 3–5 жыл. Үй шартында жакшы каралса 4–5 жылга чейин жашайт, ал эми сыртта короодо багылса 2–3 жыл гана өмүр сүрөт», — деди ал.
Исхактын белгилешинче, хомяк жалгыз жүргөн балдар үчүн жакшы дос боло алат — жалгыздыкты унуттурат, балдар менен бат тил табышат. Үйдө багууга ыңгайлуу болуп, ит же мышыкка салыштырмалуу чыгымы аз.
«Хомяктар ар түрдүү кооз түстө болгону менен, баасы түсүнө жараша өзгөрбөйт. Алар негизинен семичке, арпа, буудай аралашкан атайын жем менен азыктанат. Ошондой эле сабиз, бадыраң сыяктуу жашылчаларды аз-аздан берип турууга болот», — деп кошумчалады ал.