Turmush — Пазыл Бактыбаев Ош облусунун Ноокат шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
Ноокат шаардык мэриясынан Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, ал кечээ, 13-ноябрда жамаатка тааныштырылды.
Пазыл Бактыбаев 1983-жылы Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында төрөлгөн. Ал буга чейин Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп жаткан.
Ошондой эле мектепте мугалим, айыл өкмөттө жооптуу катчы болуп иштеп, жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.
- Ноокат шаарынын буга чейинки вице-мэри болуп Жолой Тиллаев иштеген. Ал Ноокат шаарынын мэри болуп дайындалды.
Резюмесин окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча
01-11-2023
Жолой Тиллаев Ноокат шаарынын мэри болуп дайындалды