Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 01.12.2014 10:28

Кара-Суу шаарында А-92 бензининин баасы 1,2%га арзандады

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат шаарларында 13-ноябрдан 28-ноябрга чейинки аралыкта А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы өзгөрдү. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин алдындагы соода, жеке ишкердүүлүк жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө сектору маалымдайт.

А-92 үлгүсүндөгү бензин Кара-Суу шаарында мурда 53,5 сомдон сатылса, учурда 52,9 сомго бааланып, 1,2%га арзандады.

Ноокат шаарында А-92 бензини 52,8 сомдон 53,5 сомго же 1,5%га жогорулады.

Жалпысынан түштүк аймактар боюнча А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 52,8-52,9 сомду түзөт. Ош шаарында анын баасы 28-ноябрга карата 52,9 сом болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×