Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Ош облусу, Ноокат 26.11.2014 09:08

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт

Turmush -  Кыргызстандын тоолуу райондорунда 26-ноябрдан 28-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралууу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылын сактоо эскертилет.

Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-премьер-министрдин 2014-жылдын 20-ноябрында чыккан №21 буйругунун аткаруу мөөнөтү 2014-жылдын 28-ноябрына чейин узартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×