Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 18.11.2014 12:09

Түштүк жергесинде дизель отунунун баасы 46,1 сомдон 45,9 сомго же 0,4%га арзандады

Turmush -  Түштүк аймактарда дизел отунунун баасы октябрь айынын ортолорунан тарта бир нече ирет өзгөрдү. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин алдындагы соода, жеке ишкердүүлүк жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө сектору билдирди.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарында анын баасы 47,9 сомдон 46 сомго 4,1%га арзандаса, Кара-Суу шаарында 46,2 бааланууда. Белгилей кетсек, мурда анын баасы 45,5 сомду түзүп, 1,7%га кымбаттады.

Ал эми, Ноокат шаарында дизель отунунун 1 литри 45,2 сомго бааланып, 2,7%га арзандады. Мурда анын баасы 46,5 сомду түзгөн.

Жалпысынан алганда, түштүк жергесинде дизель отунунун баасы орточо эсеп менен 46,1 сомдон 45,9 сомго же 0,4%га арзандады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×