Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 18.11.2014 12:00

М-400 цементинин баасы Сүлүктү, Ноокат шаарларында максималдуу төмөндөсө, Майлуу-Суу шаарында эң жогорку баада

Turmush -  Өлкөнүн түштүгүндө эң популярдуу М-400 үлгүсүндөгү цементтин баасы октябрдын аягынан ноябрдын ортосуна чейинки аралыкта байкаларлык төмөндөдү. Максималдуу төмөндөө Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Ош облусунун Ноокат шаарында болду.

КРнын экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соодага анализ, ишкерчилик жана текшерүүлөргө көзөмөл секторунан билдиришкендей, эгерде Сүлүктүдө М-400 цементи 425 сомдон 375 сомго, же 11,8% төмөндөсө (50 килограмм үчүн), Ноокат шаарында 325 сомдон 287 сомго, же 11,7% (50 килограмм үчүн) төмөндөгөн.

Минималдуу төмөндөө болсо Баткен, Кызыл-Кыя жана Таш-Көмүр шаарларында белгиленди. Бул аймактарда төмөндөө 365,5тен 362,5 сомго, 291ден 284 сомго жана 425тен 400 сомго (50 килограмм кап үчүн) же 0,8, 2,4 жана 5,9% арзандаган.

Белгилей кетсек, М-400 цементине эң жогорку баа Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суушаарында орун алды, бул жерде 30 кг бир кап үчүн 465 сом төлөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×