Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 18.11.2014 11:59

Ноокатта А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 54 сомдон 52,8 сомго арзандады

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат шаарларында октябрь айынын ортолорунан тарта А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы өзгөрдү. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин алдындагы соода, жеке ишкердүүлүк жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө сектору билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу шаарында 52,9 сомдон 53,5 сомго же 1,2%га кымбаттады.

Ошондой эле, Ноокат шаарында А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 54 сомдон 52,8 сомго же 2,2%га арзандады.

Жалпысынан түштүк аймактар боюнча аталган бензиндин баасы 53 сомдон 52,8 сомго же 0,2%га өзгөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×