Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 18.11.2014 11:43

Кара-Суу шаарында бензиндин баасы 43,3 сомдон 46 сомго кымбаттады

Turmush -  Ош облусунун бир катар шаарларында октябрь айынын аягынан ноябрь айынын ортосуна чейин күйүүчү майлоочу материалдардын баасы 0,4-6%га өзгөрдү. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин алдындагы соода, жеке ишкердүүлүк жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө сектору маалымдайт.

Маалыматка ылайык, белгиленген мезгил аралыгында Кара-Суу шаарында «А-80» үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1 литри 43,3 сомдон 46 сомго кымбаттады. Ал эми, Ноокат шаарында 46-48-46,8 сом арасында өзгөрүп турду. Жалпысынан бензиндин баасы 2,5%га өзгөрдү.

Жалпысынан түштүк аймактар боюнча бензиндин 1 литринин баасы 45,5 сомдон 45,7 сомго же 0,5%га өзгөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×