Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 17.11.2014 17:21

Акыркы жарым ай аралыгында Ноокат шаарында кой этине болгон баа 3,1%жогорулады

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат шаарында ушул жылдын октябрь айынын аягынан ноябрь айынын ортосуна чейинки убакытта кой этинин баасы 3,1% жогорулады. Тактап айтканда, баанын өсүшү 320 сомдон 330 сомго жетти.

Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соода анализи, ишкердик жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө секторунун маалыматында айтылгандай, аталган аймакта уй этинин 1 кг мурунку 300 сомдук баасынан 340 сомго жетти. Мындагы өсүш 11,8% түзөт.

Ошондой эле, Өзгөн шаарында да кой этинин баасы жогорулап, 335,7 сомдон 350 сомго жетип, баанын өсүшү 4,1% түздү.

Жалпысынан түштүк аймак боюнча көрсөтүлгөн убакытта кой этинин баасына болгон өзгөрүүлөр 0,5% көрсөткүчтө, ал эми уй этинин 1 кг баасынын өсүшү 0,6% түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×