Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 22.10.2014 15:00

Вице-премьер-министр Э.Сариева Ноокат шаарындагы мектептердин кышка даярдыгы менен таанышты (фото)

Turmush -  Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 22-октябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен бирге Ноокат шаар аймагындагы Х.Самиев орто мектебинин окутуунун улуттук тилинен мамлекеттик тилдеги өткөндөгү окутуунун абалы менен таанышууга келди.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министрди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев баш болгон шаардык мэриянын өкүлдөрү, айыл аксакалдары, шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар жана мектептин жамааты тосуп алды.

Мектеп окуучулары келген конокторго кыргыз тилиндеги ырларды айтып беришип, каалоо тилектерин билдиришти. Ошондой эле, вице-премьер мектептин кышка карата даярдыгы менен таанышып чыкты.

А 1

А 2

А 3А 4

А 5

А 6

А 7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×