Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 18.09.2014 15:27

Ноокаттын мектеп жана бала бакчаларында милиция кызматкерлери күзөт кылат

Turmush -  Ош облусунун Ноокат шаарындагы мектептерге жана балдар бакчаларында Ноокат РИИБдин кызматкерлеринин күзөтчүлүккө бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Кожомберди Кубатов маалымдагандай, иш- чара Ноокат РИИБдин чечими менен шаардагы мектептерде коомдук тартипти камсыз кылуу жана окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Ноокат шаарында 4 мектеп, 1 гимназия жана 3 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×