Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 11.09.2014 17:10

Ноокат районунун акими Б.Айтиев мыкты окуган 100 окуучуну райондук мекеме ишканалардын жетекчилерине камкордукка бекитип берген

Turmush -  Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев район аймагындагы мыкты окуган 100 окуучуну, райондук мекеме ишканалардын жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларына, жеке ишкерлерге камкордукка бекитип берген, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ал бул иш-чараны мыкты окуган окуучуларга ар тараптан колдоо көрсөтүү менен бирге олимпиадаларда алдыңкы орунду камсыз кылууга багытталгандыгын буга чейин түрдүү чогулуштарда белгилеп келген. Бирок, азырынча тиешелүү деңгээлде колдоо көрсөтүлгөнү байкала элек экендиги айтылууда.

Белгилей кетсек, аким Бекболот Айтиев мугалимдердин август конференциясында, олимпиаданын облустук жана республикалык этаптарында алдыңкы орунду камсыз кылган окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерине райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акчалай сыйлык берилээрин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×