Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ноокат 01.09.2014 12:50

Ноокат шаардык мэриясынын жаңы курулган имараты расмий ачылды

Turmush -  Ноокат районунун А.Лутфиллаев көчөсүндө Ноокат шаарынын жаңы курулган имаратынын курулушу аяктап, 30-август салтанаттуу ачылуу аземи болду, деп билдирет райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы.

Ачылуу азем Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.Юсупов, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Айтиев катышуусунда өттү.

Маалымат катары айта кетсек, имараттын аяты 12*24 метр, эки кабаттуу болуп салынган. Жалпы суммасы 18,5 млн сом. Имараттын курулушу жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүткөрүлдү.

Ноокат шаардык мэриясында жалпысынан 19 кызматкер иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×