Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ош облусу, Ноокат 12.07.2014 10:25

Ноокат районунда мекеме жана ишканалардын иш-кагаздары боюнча семинар өттү

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунда кечээ, 11-июлда мекеме жана ишканалардын иш-кагаздары боюнча семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинарды Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы уюштуруп, ага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу З.Абиджанов, жалпы бөлүмдүн башчысы М.Абдылдаев, экономика секторунун башчысы Т.Чоңмурунов, жетектөөчү адис Х.Жаханбаева, райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана иш-кагаздары менен иштөөчү адистери катышты.

Семинарда жетекчилер жана алардын адистери иш кагаздар менен иштөө боюнча билим деңгээлдерин жогорулатышып, иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча пикир алмашышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
39.29% (389)
«РСК Банк»
35.45% (351)
«Капитал Банк»
8.99% (89)
...
Всего голосов: 990
×