Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ноокат 08.05.2014 11:10

Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл аймагында Апшыр-Ата спорттук комплексинин ачылышы болду

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл аймагында Апшыр- Ата спорттук комплексинин ачылышы болду. Бул туурасында айыл башчысы Нурдин Мадимаров билдирди.

Анын маалыматы боюнча, спорттук комплекске 22 млн сомдон турган бул спорттук комплекси жеке ишкер Анарбаев Маматжандын демилгеси менен курулуп, ага айыл өкмөтүнүн бюджетинен 250 миң сом, АРИС долбоорунан 1 млн 200 миң сом, ал эми райондук мамлекеттик администрациясынан 350 миң сом колдоо көрсөтүлгөн.

Апшыр-Ата спорттук комплексинин ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, район акими Б.Айтиев, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жана 7 облустан келген спортчулар жана коноктор катышты.

Спорттук комплексти ачып жатып, район акими Бекболот Айтиев бүгүнкү күндө Кыргызстан дагы спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк мелдештерге катышып келе жаткандыгына токтолуп, спорт - ден соолуктун булагы, деп белгиледи.

Айыл өкмөт башчысынын маалыматы боюнча, спорттук комплекстин ачылуу аземинин урматына спорттун волейбол түрү боюнча Республикалык мелдештин тандоо этабы өткөрүлүп, бүгүн 8-май күнү финалдык эьабы болмокчу.

Маалыматка ылайык жалпы байге фонду 300 миң сом коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×