Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 14.04.2014 11:14

Биз мектептердин өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жатабыз, - Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев

Turmush -  Биз мектептердин өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жатабыз, деп билдирди Ош облусуна караштуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев бүгүн, 14-апрелде аппараттык жыйында.

Анын айтымында, Ош облусундагы башка райондорго караганда Ноокат районунда 7 тереңдетип окутуучу лицей, гимназиялар бар. Алардын ичинен бир гана Ноокат билимканасы А.Папиев лицейи жана М.Гапаров жатак гимназиясынын окуучулары облустук деңгээлде 1-орунду камсыз кылышууда.

Ал эми калган лицейлер райондук деңгээлде дагы жакшы натыйжа бере алышкан эмес. Ошол эле учурда бир дагы лицей гимназиялар олимпиаданын Республикалык турунда алдыңкы байгелүү орундарды камсыз кыла албай жатканы, лицейлерде билим берүү өз деңгээлинде жүргүзүлбөгөндүгүнүн белгиси, дейт М.Маматалиев.

Анын билдиргенине караганда, бул багытта лицей гимназиялардын директорлору окуу бөлүм башчылары менен мындан аркы ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча тегерек стол болмокчу.

Маалымат үчүн айта кетсек, быйылкы окуу жылында 12 окуучу облустук олимпиададан биринчи орунду алган болсо, алардын бирөө Мырза Улугбек орто мектебинин окуучусу Г.Миталова 3-орунду камсыз кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×