Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 11.04.2014 17:36

Ноокатта 9-класстын окуучулары арасында 11 сабактан олимпиада болуп өттү (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы А.Беруний атындагы орто мектебинде бүгүн, 11-апрель күнү 9-класстын окучулары арасында олимпиада болуп өттү. Бул туурсында аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка таянсак, ага 17 айыл өкмөттөн келген 9-класстардын 200дөн ашуун окуучулары катышты.

«Биз 10-11-класстар арасындагы предметтик олимпиадада район аймагынан 36 окуучу барган болсо, алардын ичинен 29 окуучу 1-2-3- орунду алып келишкен. Бирок окуучуларыбыз олимпиаданын республикалык деңгээлде 1 гана окуучубуз 3-орунду алып келди. Бул да болсо ийгилик, бирок биз күткөндөй жыйынтык болгон жок. Андыктан биз предметтик олимпиадага бүгүнтөн тартып даярдануубуз зарыл», - дейт сөзүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Олимпиаданын ачылышына райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдердин райондук профсоюз комитетинин төрайымы жана мугалимдер катышты.

Олимпиаданын райондук этабы 11 предмет боюнча өтүүдө. Маалымат үчүн айта турган болсок быйылкы окуу жылында Ноокат районунун 12 окуучусу облустук олимпиаданын жеңүүчүсү деп табылган.

11 04 2014_Ноокат 1

11 04 2014_Ноокат 2

11 04 2014_Ноокат 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×