Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 20.03.2014 12:08

Ноокаттагы Чечме-Сай орто мектебинин спорт залынын ачылуу аземи болуп өттү

Turmush -  Бүгүн, 20–март күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагындагы Чечме-Сай орто мектебинин спорт залынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул туурасында атлган мектептин директору билдирди.

Анын айтымында, аземге райондун акими, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондук профсоюз уюмунун торайымы, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары катышты.

Ачылуу азем учурунда Ноокат районунун акими Б.Атиев: «Биз окуган мезгилде Кара-Таш айыл амагында бир да спорт зал жок, биз суукта болобу, ысыкта болобу эшикте жакшы ойночубуз. Эми ден соолукту чыңдоодо спорт залдын ролу өтө чоң», - деп белгилейт ал.

Анын айтымында, бул спорт залдын курулуусу Жогорку Кеңештин вице-спикеринин такай көзөмөлүндө болуп, келечекте окуучулардан чоң үмүт бар экенин белгилейт. Бардык шарт балдар үчүн, алардын ар тараптуу билим алуусу үчүн түзүлүп жаткандыгы айтылды.

Салтанат окуучулар тарабынан даярдалган спорттук жүрүш жана спорттук акробатиканын түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр болду. Соңунда спорт залдын курулуусуна салым кошкон жарандарга грамота жанан сыйлыктар тапшырылды.

Мектептин жаңы имараты 2012-жылы август айында пайдаланууга берилген. Мектептин жалпы комплекстик сметалык баасы 66 млн сомду түзүп, анын жаңы имаратын курууга жана долобоорлорду ишке ашырууда ошол учурдагы мектеп директорунун ролу чоң экендиги айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×