Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ноокат 15.08.2019 09:37 На русском

Ноокаттыктар борбордук көчөдөгү жаңы лотоктор туура эмес орнотулганын айтууда

Turmush -  Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы жайгашкан Ленин көчөсүнүн эски лотоктору жаңыланууда. Бирок жергиликтүү тургундар курулуш иштерине нааразы. Бул тууралуу Ноокат шаарынын жашоочулару аймактык кабарчыга билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын бири Айтназар Жолчуевдин айтымында, жаңы лотоктор абдан кичинекей, ошондуктан суу келсе, андаш ташып кетет.

«Жумушту жасаганга жараша сапаттуу жасаш керек. Жамгырдын суусу жаңы коюлган лотокко батпайт. Негизи лотоктордун тешиктери болуп, жанындагы дарактар суу ичиш керек. Кылган иштерине шалаакы мамиле жасап жатышат. Суу лотоктордун ичинен акпай эле, астынан агып жатат. Ал жер оңдолбой калса кышында лотоктун астындагы суу муз болуп тоңуп, лотокту аңтарып салат. Мүчүлүштүктү тез аранын ичинде кайрадан оңдоп чыкпаса, лоток бир жылга жетпей бузулат», - деди А.Жолчуев.

Ал эми Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов Ленин көчөсүндөгү курулуш иштерине 700 миң сом каралганын айтты.

«Жолдун жээгине узундугу 500 метр болгон тротуар, темир тосмолор, суу агуучу лотоктор орнотулууда. Оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 700 миң сом каралган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×