Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 18.07.2019 13:16 На русском

Видео — Сулайман-Тоодогу өрт же атайын өрттөлгөн чөп

«Сулайман-Тоодогу» өрттөлгөн аймак
«Сулайман-Тоодогу» өрттөлгөн аймак

Turmush -  Бүгүн, 18-июлда Сулайман-Тоонун күнгөй тарабында жайгашкан 8 гектар жердеги куураган чөп өрттөлдү. Бул маалыматты «Сулайман-Тоо» музей комплексинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Ибайдуллаев тастыктады.

«Негизи чөптөрдү тазалоо иштери март айында башталат. Апрель, май айларында 30 гектар жердеги бактардын түбүндөгү чөптөрдү тазалайбыз. Июнь айында чөптүн баары кургап калат, айрыкча мүрзө жайгашкан күнгөй тараптагы чөптөр саргарып кетет. Ал жерде чуңкур, оюктар көп болгондуктан кызматкерлердин коопсуздугун ойлодук. Бүгүн өрт өчүргүчтөрдүн жана куткаруучулардын көзөмөлүндө 8 гектар жердеги чөп өрттөлдү. Ал жердин жанында трансформатор, электр чубалгылары, мечит жайгашкандыктан өрт өчүргүчтөрдү жана 35 куткаруучуну чакырганбыз», - деди Хайрулло Ибайдуллаев.

Буга чейин «Репортер» басылмасы «Сулайман-Тоо» комплексинин аймагында өрт чыккандыгын жазган. Күбөлөр куураган чөптөр күйүп жатканын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×