Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 18.07.2019 13:27 На русском

Жаш талант: Рубиктин кубигин ылдам чогулткан Азизжон билгенин кошуналарына да үйрөтүүдө (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Андарак айылынын 13 жаштагы тургуну Азизжон Эргашов 2 жылдан бери Рубиктин кубигин (кубик Рубика) чогултуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, татаал кубиктерди эң ылдам чогулткан убактысы 26 секунд болгон.

«Эң алгач сыналгыдан мен курактагы балдардын кубик чогултуп, элди таң калтырып жатканын көргөм. Менде дагы кызыгуу пайда болду. Ата-энеме «мага кубик сатып бергиле» деп суранып, 2 жылдан бери кубик чогултуп келем. Алгач кубикти чогултуунун ар кандай ыкмаларын интернеттен көрүп үйрөнө баштагам. Өзүм бардык жолун өздөштүрүп алган соң тез убакытта чогулта баштадым», - деди ал.

Ал эми Азизжондун апасы Мунавар Эргашова баласы 7-класста окуй турганын айтты.

«Алгач атасы экөөбүз балабызга кубик сатып бергенде анча деле маани берген жокпуз. Азыр анын ийгиликтери бизди кубантып келет. Балабыз учурда 7-класста окуйт. Сабактарынын баары 5. Кубик чогултканды үйрөт деп көп теңтуштары, кошуналардын балдары келет. Ээринбестен баарына үйрөтөт. Азизжондан башка 4 балабыз бар. Алар да кубик чогултканды үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×