Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 18.07.2019 10:13 На русском

Кыргызстандын жаратылышы: Чыйырчык жайлоосунда кышында да эс алуучулардын саны үзүлбөйт. Видео

Turmush -  Алай районундагы Чыйырчык жайлоосу Ош шаарынан 60 км алыстыкта жайгашкан. Жайлоо Ош—Алай унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан кыш-жаз айларында да эс алуучулардын аягы үзүлбөйт. Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилгенден бери эс алуучулар жайлоого тоскоолдуксуз келип жатышканын аймактык кабарчыга Канипа Назарова билдирди.

К.Назарова Чыйырчык жайлоосунда эс алуучуларды тейлеп, киреше табат. Ал жайлоого Кыргызстандын булуң бурчунан келип, эс алып кеткендер дагы бар экенин кошумчалады.

«Жылдан жылга эс алуучулардын саны өсүүдө. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп турса, туристтерге жана эс алуучуларга жакшы шарт түзүп берсе болот. Чыйырчык жайлоосу туристтерди өзүнө тартат. Анткени кышында лыжа тебишсе, жаз-жай мезгилинде бээнин сүтүн ичип, ден-соолугун чыңдап кетишет», - дейт К.Назарова.

Ал эми Өзбекстандын Андижан облусунан келген Мырза Турдуев жыл сайын Чыйырчык жайлоосуна келип эс алганды адатка айландырып алган.

«Балалыгым Ошто, Өзгөн районунда өткөн. Жыл сайын келип, жаш кезим өткөн жерлерди эстеп, эс алып кетем. Быйыл досторум, агаларым менен келдим. Кийинки жылы узак мөөнөткө үй-бүлөм менен келип эс алууну пландап жатам. Өзбекстандан өзүмдүн унаам менен келдим. Чек арадан маселе жаралган жок. Демек эки элдин биримдиги, достугу дагы да бекемделиптир», - деди М.Турдуев.

Чыйырчык жайлоосу деңиз деңгээлинен 2 миң 389 метр бийиктикте жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×