Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 18.07.2019 09:34

Сүрөт — Көк-Бел айыл өкмөтүнө 9 чакырым алыстагы жайлоодон таза суу тартылууда

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнө Эш жайлоосунан таза суу тартылып жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жумагүл Төрөканова билдирди.

Анын айтымында, суу 9 чакырым алыстан тартылууда.

«Таза суу 9 чакырым алыстагы Ак-Булак тилкесине тартылып, кампага толтурулат. Буга чейин айыл өкмөттө агын суу да болгон эмес. Тендер жарыяланып, жумуштарды “Аль-Фирдаус” компаниясы 9 млн сомго бүтүрө турган болду. Күзгө чейин тургундар таза суу менен камсыздалат», - деди Жумагүл Төрөканова.

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн карамагына Кайыңды жана Көк-Бел айылдары кирет. Буга чейин Кайыңды айылынын жашоочулары дарыядан суу ташып ичишсе, көк-белдиктер булактан суу ташып, пайдаланып жүрүшкөн.

Көк-Бел айыл өкмөтүндө жалпы 7 миң 789 калк бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×