Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуСокулук району 18.07.2019 08:15

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо убактысы белгиленди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы 2-августта шайланат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Буга чейин кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тагай Бакасов өз каалоосу менен кызматтан бошогон болчу. Мындан улам Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо убактысын белгилөө өтүнүчү менен БШКга кат жолдогон.

Азырынча талапкерлердин аты атала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×