Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 17.07.2019 21:00 На русском

Видео — Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль тагынган И.Хаджимуродовду салтанаттуу тосуп алышты

Turmush -  Бүгүн, 17-июль күнү «Ош» эл аралык аэропортунда Таиландда өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган 20 жаштагы Икромжон Хаджимуродовду салтанаттуу тосуп алышты.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, спортчунун ата-энеси, жакындары жана спорт сүйүүчүлөрү чогулушту.

Икромжон Хаджимуродов эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында 61 кг салмакта 6 беттеш өткөрүп, Иран, Индия, Япония жана Кореянын спортчуларын жеңип алган.

«Өлкөбүздүн намысын чет өлкөдө коргоо мен үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, колдогон ата-энелерибизге, машыктыруучуларыбызга жана көмөктөшкөндөргө чоң рахмат. Менин ар бир жеңишим кыргыз журтума арналат. Буюрса дүйнөлүк мелдештерге катышып, алтын тагынып, өлкөбүздүн желегин желбиретем», - деди спортчу.

Ош шаарынын спорт жана дене тарбия комитетинин төрагасынын орун басары Улан Ражаповдун айтымында, быйыл соңку алты айдын жыйынтыгында Ош шаарынын спортчулары ар кандай мелдештерде 58 алтын медаль жеңишкен.

Ал эми спортчунун таенеси Инаботхон Нурматова небереси окуучу кезинен бери спорт менен алектенип жүргөнүн айтты.

«Неберем спорт чөйрөсүндө өз ордун таап жатканына кубанычтамын. Икромжон чет өлкөгө мелдешке кеткенде түнү менен үйдө тилек кылып отурам. Жаштайынан менин колумда өскөн. Анын агалары да спортчу», - деди ал.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Кыргызстандык балбандар эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында 5 медалга ээ болушканын жазган.

Турнир 13-14-июлда Тайланддын Чонбури шаарында өткөн.

Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Нурдин Донбаевдин жетекчилиги астында 9 спортчу катышып, бир күмүш жана төрт колого ээ болушкан. Беттештердин жыйынтыгы менен Кыргызстан жалпы командалык эсепте 7-орунду алган.

Мелдешке катышкан кыргызстандык спортчулар:

57 кг чейин

3-орун - Тайырбек Жумашбек уулу

61 кг чейин

3-орун - Икром Хажимуратов

65 кг чейин

8-орун - Орозбек Токтомамбетов

70 кг чейин

10-орун - Атай Мамалиев

74 кг чейин

13-орун - Нуртилек Карыпбаев

79 кг чейин

8-орун - Кубат Азизбаев

86 кг чейин

2-орун - Байсал Кубатов

92 кг чейин

3-орун - Сымбат Сулайманов

97 кг чейин

3-орун - Арсланбек Турдубеков

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×