Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуНоокат району 17.07.2019 19:00

Ноокаттык Малик Сатаров суу жетпеген жерге помидор өстүрүүдө

Turmush -  Ноокат районунда талаа күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кош-Дөбө айылынын тургуну Малик Сатаров суу кыйынчылык менен жеткен 30 сотых жерди өздөштүрүп, помидор өстүрүп, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууда. 13-июль күнү анын айдоо жеринде талаа күнү уюштурулуп, ага Кош-Дөбө айылынын тургундары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси М.Турдуев, ошол эле башкармалыктын башкы адиси Т.Жолдошов, Кожо-Арык суу пайдалануучулар ассоциациясынын башчысы А.Камаров катышкан.

Иш-чаранын алкагында окутуу, кеңеш берүү программалары камтылып, инновациялык борбордун кеңешчиси К.Сатимбаев «Сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу» темасында М.Сатаровдун айдоо жериндеги тамчылатып сугаруу системасынын жардамы менен өстүрүлүп жаткан помидорлордун мисалында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Андан кийин катышуучулар тарабынан суроолор берилип, жоопторду алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×