Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусу, Токмок 17.07.2019 14:35

Токмокто стихиялуу таштанды таштоочу жайларга видеокөзөмөл орнотула баштады

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында стихиялуу таштанды таштоочу жайларга видеокөзөмөл орнотула баштады. Мэриянын берген маалыматы боюнча, алгачкы видеокөзөмөл Ибраимов көчөсүнө коюлду.

«Видеокөзөмөлдөн байкаганыбызда акыр-чикирди айрым жарандар араба, пакеттер, мүшөктөр менен ташып төгүп жатышат. Алардын көбү кичи автобус жана велосипед айдагандар», - деп билдиришти мэриядан.

Эми стихиялуу таштанды таштоочу жайга акыр-чикир ыргыткандардын сүрөтү мэрия тарабынан аймактык тескөөчүгө жөнөтүлөт. Ал тиешелүү чара колдонуп, айып салат.

Учурда мэрияда видеокөзөмөлдү кароо үчүн штат ачылып, эколог-көзөмөлдөөчү жумушка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×