Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 17.07.2019 12:30

Турак жай үчүн берилген жерге ресторан курулган: Тургундар үйүн сатып, орун басарга иш козголду. Видео

Ош шаарындагы «Манас-Ата» рестораны
Ош шаарындагы «Манас-Ата» рестораны

Turmush -  Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүнүн жашоочулары ошол эле көчөдө жайгашкан «Манас-Ата» ресторанынын мыйзамсыз курулганын айтышууда. Алар ресторандын иштеп жатканына нааразы болушуп, аргасыздан турак үйлөрүн сатууга мажбур болуп жатышканын аймактык кабарчыга билдиришти.

Тургундардын айтымында, аталган ресторандын документтеринде имарат турак жай деп көрсөтүлгөн. Андан сырткары ресторандын унаа токтотуучу жайы жок болгондуктан, кардарлар унааларын жолдун жээгине токтотушуп, жол тыгындарын жаратып жатышат.

А.Шакиров көчөсүндө жашаган Райымбек Нурлановдун айтымында, «Манас-Ата» рестораны жашоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгы үчүн тиешелүү органдарга, ошондой эле ушул жылдын февраль айында 100дөн ашык жергиликтүү тургун арыз менен мэрияга кайрылышкан.

«Мен бул көчөдө 23 жылдан бери жашап келем. Бирок ушул күнгө чейин мындай башаламандыкты көргөн эмесмин. Ресторан 2018-жылдын апрель айында курулуп баштаган. Биз бул жерге чоңураак үй курулуп жатат деп ойлогонбуз. Ошол эле жылы декабрь айында курулуш иштери бүтүп, кафе болуп иштеп баштады. Ошол күндөн баштап өзүбүздүн үйүбүзгө да кеңири кирип чыга албай калдык. Унаа токтотуучу жайы жок болгондуктан үйүбүздүн жанына, дарбазанын түбүнө чейин унааларды токтотуп кетишет. Унааңарды алгыла дейли десек ээлерин таппай калабыз. Кошуналар үйлөрүн сатууга аргасыз болууда. 40-50 жылдан бери жашап жаткан тургундар бар. Экотехинспекциядан жана прокуратурадан келип “бул мыйзамсыз курулуш, иши токтотулат” деп кетишкен», - деди Райымбек Нурланов.

Үйү ресторанга жакын жайгашкан Р.Ахмедованын айтымында, кафе түнкү саат 2-3кө чейин иштейт. Ал жай мезгилинде таңкы саат 5:00дөн баштап үйүн түтүн, тамак-аштын жана майдын жыты каптап жатканын билдирди

«Бул жерде менин ата-энем жашаган, ушул жерде чоңойдум, азыр үй-бүлөм менен жашайм. Бул кафе таңкы саат 5:00дөн түңкү саат 2-3кө чейин иштейт. Терезелеримди ача албайм. Көпчүлүк адамдар ушундай башаламандыкка чыдабай, үйлөрүн сатууда. Балдарымдын мурду бүтүп, аллергия болуп жатышат», - деди Р.Ахмедова.

Үйү аталган кафенин бет маңдайында жайгашкан Акылбек Көчкөнбаев үйүн сатыкка койгон. Анын бул жерде жашаганына 15 жылдан ашты.

«Үйүмдү сатып, көчүүгө аргасыз болуп жатам. Себеби бул көчөдө тынчтык жок. Балдарыбыз көчөгө чыгып ойной алышпайт. Аларды бир саамга да кароосуз калтыра албайбыз. Кафе 400 кишини тейлөөгө ылайыкташтырылган. Алар менен (кафенин ээлери) күнүгө талашып-тартышып жатып чарчадык. Андан көрө тынч эле үйүмдү сатып, кетейин деп чечтим. Андан сыркары бул жердеги кафелердин канализациясы биздин канализацияга мыйзамсыз уланган. Себеби канализацияны тургундар өздөрүнүн каражатына курушкан. Бул боюнча арыз менен тиешелүү жерлерге кайрылабыз», - деди Акылбек Көчкөнбаев.

Өзүн «Манас-Ата» кафесинин менеджери катары тааныштырган Рахматулло Эрматов кафенин тиешелүү документтери бар экенин айтууда.

«Эгерде бул курулуш мыйзамсыз болуп, тиешелүү органдар уруксат бербесе, биз кафени иштетпейт болчубуз. Мыйзамсыз болгондо жаап салышмак. Бардык салыктарды өз убагында төлөйбүз. Айланабызда унаа токтотуучу жайлар бар. Жаныбызда жайгашкан унаа оңдоочу жайдын унаа токтотуучу жайы жок. Ошол жерге келген айдоочулар унааларын биздин унаа токтотуучу жайга токтотушат. Кафе курулганга чейин эле бул жердеги үйлөр сатыкка коюлган. Азыр үйлөрдү силер сатып аласыңар деп үй ээлери бизди мажбурлап жатышат. Сатып алалы десек, баасын аябай кымбат айтып жатышат», - деди Р.Эрматов.

Ал эми Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Жетимишов «Манас-Ата» кафеси курулган жер тилкесине турак жай үчүн деп документ даярдалганын айтты. Анын айтымында, жер тилкеге өз билемдик менен 3 кабаттуу кафе курулуп, иштеп жатат.

«2018-жылы 252-токтомдун негизинде арыз ээсине жеке менчик үй куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап бергенбиз. Документтерди алгандан кийин үй курбастан, 3 кабат кафе куруп алган. Курулуш мыйзамсыз, берген документке туура келбей жатат деп бир канча жолу эскертүү бергенбиз. Кызыл сызыктан 7-8 мерт сыртка чыгып кеткен. Бул маселе менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылганбыз. Алар да эскертүү бергенбиз деп жатышат. Мындан ары кафенин ишин Экотехинспеция көзөмөлгө алыш керек», - деди Айбек Жетимишов.

Ош шаары боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ага инспектору Залкарбек Азимов тургундар тарабынан даттануулар келип түшкөнүн тастыктады.

«Даттануулардын негизинде Экономика министрлигинен жолдомо алдык. Жолдомонун негизинде “Манас-Ата”к афесин пландан тышкары текшерүүгө алганбыз. Буга чейин 9-апрелден 24-апрелге чейин эскертүү баракчалары берилген. Тийиштүү архитектуралык документтериңерди көрсөткүлө десек, эч кандай документ көргөзө алышкан эмес. Бирок документтерибиз бар, документ жок болсо курат белек деп ар кандай шылтоолорду айтып жатышат. Биз койгон талаптар аткарылдыбы деп кайра текшергенбиз. Текшерүүдөн соң биздин талаптардын аткарылбагандыгы аныкталды. Ошол жерден акт түзүп, Ош шаардык прокуратурасына мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, кат жолдогонбуз. Ош шаардык прокуратурасы кылмыш иш козгоп, материалдарды каржы полициясына өткөрүп беришкен. Бүгүнкү күндө каржы полициясы тергөө иштерин улантып жатат», - деди Залкарбек Азимов.

Turmush басылмасынын өздүк булактарынын маалыматына караганда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ж.А.нын үстүнөн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иш козгогон жана ал 10-июль күнү кылмышка шектүү катары кармалып, 2 айга үй камагына чыгарылган.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы менен катталган. Маалыматка караганда, Ж.А. бир жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер бөлүп берген. Бирок жерге ээлик кылган жаран мыйзамды одоно бузуу менен жер тилкесине 3 кабаттуу ресторан-кафе курган.

Ал эми Ж.А. негизсиз кармалганын айтып, учурда Ош шаарынан башка чет жакка чыкпоо менен үй камагына чыгарылганын тастыктады. Ал үй куруу үчүн гана уруксат берген документ жасаганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×