Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусуТалас району 17.07.2019 12:50 Жаңыланды: 18.09.2019 15:55 На русском

Айыл турмушу: Таластык Салтанат айым үй шартында торт жасап ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 29 жаштагы тургуну Салтанат Камчыбекова тортторду жасап ишкерлик кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин дизайнер педагог факультетинин аяктаган.

«Окууну бүткөн соң кесибим менен иштеп жүрдүм. Анан балдарымды төрөп, үйдө отуруп калдым. Кызым бир аз чоңойгон соң үйдө отуруп кантип акча тапса болот деп ойлоно баштадым. Аял киши бир нерсе менен алаксып турса өзүнө да жакшы. Торт жасаганга чейин үйдөгүлөргө, балдарыма ар кандай таттууларды түрлөп жасап берчүмүн. Үйдөн жасалган торттор, таттуулар даамдуу, кошумчасы жок болот эмеспи. Анан торт жасаганды интернеттен карап үйрөнө баштадым. Эң алгач үйдөгүлөргө жасадым. Алар «сонун болуптур» деп жеп алышты. Анан жей турган нерсе сөзсүз өтөрүн, талапка ээ болорун ойлоно баштадым. Ошентип буйрутма алуу үчүн алгач тааныштарыма жасаган тортторумдун 1-2 сүрөтүн соцтармактар аркылуу жөнөтө баштадым. Биринчилерден болуп тааныш эжекем буйрутма кылды. Ошентип жасап баштадым.

Торттун сыртын жасалгалоо оор болгон жок. Дизайнерлик билимимди колдондум. Бир тортту жасоодо эскиз чийип алам да өңдөрдү айкалыштырам. Азыр торттордун бир нече түрүн жасайм. 1 күндө 2 торт жасап жетише алам. Жасалгалоосуна жараша кээ бир торттор 3 күн убактыңды алат. Десерттер болсо анчалык көп убакыт албайт. Мисалы чизкейкти жасагандан соң ал бери жагы эле 6 саат муздак жерде турушу керек. Жасалышы ар кандай убакытты талап кылат.

Мага кыйынчылык азык-түлүк алдырганда жаралат. Таласта мага керектүү эч нерсе жок. Мисалы Таластан табигый каймак таппайм. Шаарда кондитердик дүкөн бар. Ошол жактан тааныштар аркылуу алдыртам. Ошондуктан буйрутма кылганда 3 күн мурун буйрутма кылыңыздар деп суранам. Анткени керектүү кошулмалар кечигип, келбей калган да учурлар болот.

Торттордун 1 кг 800 сомдон баалайм. Бул Таласка кымбат болушу мүмкүн. Бирок мен табигый азыктарды колдоном. Керек болсо көптүргүч да колдонбойм. Сураган элге ошентип түшүндүрөм. Тортко керектүү азыктарды эсептегенде 800 сомго барабар болот. Алдыда кондитердик цех ачуу планым бар. Бирок азыркы учурда балдарым жаш болгондуктан алар менен алекмин», - деди ал.

Салтанат айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×