Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 17.07.2019 08:03

ОшТУ менен Ташкенттин институту эки тараптуу келишим түзүштү

Turmush -  Ош технологиялык университети менен Ташкент айыл чарбасын механизациялоо жана инженердик ирригация институтунун ортосунда эки тараптуу келишим түзүлдү. Бул тууралуу ОшТУдан билдиришти.

Жолугушуунун алкагында Ташкент айыл чарбасын механизациялоо жана инженердик ирригация институтунун өкүлү Батырхан Шерматов жана ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов, ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү иштери боюнча проректору, профессор Урмат Аттокуров эки окуу жайдын ортосундагы ар тараптуу кызматташуунун жана өнүгүүнүн жолдорун талкуулашты.

«Эми эки окуу жайдын окутуучулары, магистранттары жана студенттеринин ортосунда академиялык тажрыйба алмашуулар жүргүзүлөт», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×