Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусуТалас району 16.07.2019 17:52 На русском

116 жаштагы Жийдегүл апа азаптуу жылдарда бүт үй-бүлөсүнөн ажыраса да бактысын кайрадан курган. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Үч-Эмчек айылынын 116 жаштагы тургуну Жаналиева Жийдегүл апанын жаштыгы согуш жылдарына туш келип, көп азаптарды тарткан. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кылымдан ашык жашаган ападан кабар алды.

«1903-жылы Талас районунун Манас айылында төрөлгөм. Атам Кочкор балдарды сүннөткө отургузган, сабаттуу, молдо киши болчу. Бизге күнүгө араб тилинде окуганды, жазганды үйрөтчү. 1916-жылдагы Үркүн убагында мен 13 жаштагы кыз элем. Элге окшоп жер которуп кетпесек дагы падышанын каарын жакшы эле тарттык. Ичерге ашыбыз жок калган учурлар көп болгон.

16 жашымда Кырк-Казык айылында жашаган Доолбек аттуу жигитке турмушка чыктым. Экөөбүз тең колхоздо иштедик. Ал трактор айдайт, мен машакта оорукта жүрдүм. Биринчи балам төрөлгөндө эле чарчап калды. Ошону менен балалуу болбой жүрүп, 1940-жылы уулдуу болдук. Балабыз торолуп, кылыктары чыгып калган кезде 1941-жылы согуш чыкты. Жолдошум Доолбекти согушка алып кетишти. Үйдө кымындай баламды кучактап, кайын энем экөөбүз кала бердик.

Фронтко азык жиберебиз деп ооруктагы жумуш күчөдү. Кайын энем экөөбүз баланы эгин талаага алып барып, ороп-чулгап жаткырып коюп орок оробуз, чабылган чөптөрдү жыйнайбыз. Таң азанда кетип, кеч күүгүмдө келебиз. Ачка эле иштей берип алыбыз кетип, бутубузду тарта албай келебиз. Кечке чейин ачка иштеп үйгө келсек, уулумдун ачкадан ыйлаганы басылбайт. Берейин десек оңдуу жеген эч нерсебиз жок. Бар тапканыбызды согушка жиберип, согуштун басылышын күтүп жаттык. Кээ бир күндөрү кайын энем бир ууч толо буудай алып келет. Аны дагы эч кимге көргөзбөйт. Эгер башкарма билсе жазасы катуу эле. Ал буудайды кылынан ажыратып, жаргылчакка салабыз. Кесегинен жарма жасап ичип, майда түшкөнүнөн нан жасап алабыз. Нан жеп, жарма ичкен күнү өзүмдүн дагы жаным тынч алып, балам дагы жакшы уктачу. Бир күндө 35-40 сотых жерди оруп бүтсөң эмгек акың үчүн алакандай нан берчү. Кайын энем экөөбүз эптеп эле нанга жетсек экен деп баш көтөрбөй иштечүбүз. Апам иштүү аял эле. Жарактан чыккан кийимдерди сөгүп төшөк жасап, үстүгө кийчү жылуу кийимдерди токуп берчү. Аны менен отуруп кол өнөрчүлүктү дагы өздөштүрдүм.

Жолдошума араб тилинде кат жазып, ал-акыбалын билип турчубуз. Бирок 1943-жылдары эч кандай кат дагы келбей калды. Кат таратып келген кишиден бизге кат барбы деп үмүттөнө караган бойдон калып жаттык. Биротоло өлдү деп үмүтүбүздү үзөлү десек эч кандай кара кагаз келип, өлгөнүн уккан жокпуз. Тирүү деп билген адамдан күдөр үзүп коюш кыйын экен.

Бир күнү эртең менен эгинге барсак колхоздун элин чогултуп алып, согуштун бүткөнүн, жеңиш биз тарапта экенин айтышты. Ошондо өкүрүп, өксүп ыйлаган энелердин, кара кагаз келип, жолдошунан ажыраган жесирлердин ачуу чыңырыгы кулакты жарып кетчүдөй болуп турду. Жалгыз баламды кучактап, жолдошумдун аман келишин тиленип жүрдүм. Бирок ошол бойдон дайынсыз кетти.

Кайын энем акылдуу аял болчу. Кийин «Жийдегүл, сен жашсың. Жесирмин деп бир бала менен кала бересиңби? Жалгыздыктын азабы адамды бат эле алып тынат. Буйрукка айла жок. Эгер турмушка чыгам десең мен жолуңду тоспоюн, балам» деп айтты. Мен дагы анын айтканын туура көрүп, Үч-Эмчек айылында кемпири өлүп, 8 баласы менен калган Мырзалы аттуу кишиге 1 балам менен кайра күйөөгө чыктым. Бирок алып келген жалгыз уулум келгенибизге 2 ай болгондо чарчап калды. Ошол учурда согуштан кийин элде кыйын абал, иштерге жумуш жок убак болчу. Жолдошум элге таанымал мергенчи эле. Ал аңчылыкка кеткенде балдарга жакшы карап, өз энесиндей мээрим төгүп жаттым. Жолдошум мергенчиликтен түлкүнүн жана башка жаныбарлардын терисин алып келчү. Аны кыздар менен бирге ашатып, жууп-тазалап, «тебетей тигип бер, талпак жасап бер» дегендерге акысына жасап берип, акча таап жаттык. Жолдошумдун кыздары бой жетип, турмушка чыгып жатты. Анда дагы кайын журтунда сөзгө калбасын деп себин даярдап бердим. Өзүм бул жерден 5 бала көрдүм. Азыр минтип 116 жашка чыгып, балдардын багуусунда небере-чөбөрөлөрдү санай албай отурган чагым», - деди ал.

Жийдегүл апа 13 баланын, 60ка жакын небере-чөбөрөнүн энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×