Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 16.07.2019 20:00 На русском

Ноокатта балмуздак сатуучу дүкөн өрттөнүп, 1 адам ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат шаарында балмуздак сатуучу дүкөн өрттөнүп, бир киши жаракат алды. Бул маалыматты Ноокат аймактык ооруканасынан тастыкташты.

Бүгүн, 16-июль күнү саат 14:00 чамасында Ноокат аймактык ооруканасына Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын 59 жаштагы тургуну К.А. кайрылган. Ал окуя болгон учурда дүкөнгө жакын жерде турган.

Бейтап учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы туруктуу оор.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрт Ноокат шаарынын Ош көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринен чыккан. Анын кесепетинен балмуздак жана коктейль жасоочу аппарат, суу муздатуучу аппарат жана кычкылтек баллону күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×