Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 16.07.2019 16:51

Жаш талант: 17 жаштагы Бакдаулет грек-рим күрөшү боюнча чемпионаттарда медалдарды утуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 17 жаштагы тургуну Бакдаулет Эгембердиев 7 жылдан бери грек-рим күрөшү боюнча машыгып келет. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күрөшкө болгон кызыгуусун атасы менен улуу акеси колдогон.

«Атам Эгембердиев Назирбек, акем Эгембердиев Бексултан экөө тең Кыргызстандын спорт чеберлери. Менин спортко болгон кызыгуумду ушул 2 адам ойготкон. 10 жашымдан тарта залга барып машыга баштагам. Бир үйдөн 2 адам спорт чебери болгондуктан мага эч кандай деле кыйынчылык жаралган жок. Себеби үйдөн акем менен күрөшүп, көп нерсени үйрөнүп алган болчумун. Кыргызстандын чемпионатын 2 жолу уттум. Ал эми 2018-жылы 65 кг салмак менен күрөшүп, Ташкентте өткөн Азия биринчилигинде 2-орунга ээ болгом. Кечээ жакында Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Азия биринчилигинде алтын медалдын ээси болдум. Ал сезимдерди сөз менен жеткирип берүү мүмкүн эмес. Өтө кубанып, толкундандым. Мелдештен Япония, Тажикстан жана Ирандан келген балбан жигиттер менен күч сынаштым. Алтын медалга күрөшүп жатканда ирандык жигит менен күрөштүм. 4 мүнөт күрөшүп, жыйынтыгында 5:2 эсебинде уттум.

Спорт өтө кыйын нерсе. Физикалык жана техникалык жактан даярданыш керек. Бул нерсе көп убакытты талап кылат. Даярдык учурунда көп жаракат аласың. Ал жаракаттарды айыктыруу үчүн машыгууларды токтотууга туура келет. Ал эми машыгуу жок, спорттук формадан кетесиң. Жеңиштен кийинки ушунчалык таттуу көз ирмемдер үчүн, мелдештерде желекти желбиретип, Кыргызстандын гимнин ойнотуу үчүн жылдап машыгып, көп кыйынчылыктардан өтүп келебиз. Келечекте мындан да бийиктикти багындырам деп ишенем», - деди ал.

Бакдаулет балбан 4 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×