Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ноокат 04.07.2019 11:10

«Кыргызстан аза күтүп жатабы?»: Ноокатта мамлекеттик желек жерге таш менен бастырылган. Видео

Turmush -  Ноокат шаарындагы борбордук айлампада Кыргызстандын желеги 3 күндөн бери жерде таш менен бастырылып турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, «Кыргызстанда аза күтүү болуп жатабы?» деп суроо салгандар да болууда.

«Кыргызстандын желеги ар дайым желбиреп турушу керек. Эмне үчүн мындай абалда турганы белгисиз», - дешет жашоочулар.

Ал эми мэриянын маалыматына караганда, катуу шамалдын кесепетинен желек тытылып калган. Ошондуктан аны түшүрүп коюшкан. Ордуна жаңы желек илинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×