Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ноокат 17.04.2019 18:07 На русском

Ноокаттын спортчулары облустун биринчилигин жеңишти

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат шаарынын баскетбол боюнча курама командасы Ош облусунун биринчилигин жеңди. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

9-14-апрель күндөрү баскетбол боюнча Ош облусунун биринчилиги өткөн. Ага облустун район жана шаарларынан бирден команда катышкан. Биринчиликтин жеңүүчүлөрү медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышкан.

Андан тышкары спорттун эркин күрөш түрү боюнча өткөн Ош облусунун биринчилигинде Ноокат шаарынын 3 балбаны ар башка салмак категориясында 1-орундарга ээ болушту.

Учурда Ош облусунда волейбол, баскетбол, жеңил атлетика, эркин күрөш жана футбол боюнча облустун биринчилиги өтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×