Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусу, Ноокат 31.01.2019 17:05

Ноокат шаарынын өнүгүшүнө салым кошкон жаштар сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ноокат шаарында өз тармагында жакшы жетишкендиктерге жеткен жаштар сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

28-январда өткөн иш-чарада 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштардын арасынан мыктылар тандалды. Анда жаштардын Ноокат шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы, коомдук иштерге активдүү катышуусу, чыгармачылыктагы, спорттогу жана окуудагы жетишкендиктери эске алынды. Бул иш-чара жаштарга дем берүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын соңунда «Жаш толкун» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар, дипломдор жана китептер тапшырылды. «Мыкты жаш мугалим», «Мыкты жаш окуучу», «Мыкты жаш калемгер», «Мыкты жаш спортчу», «Мыкты жаш сүрөтчү» наамдарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Алардын арасында Ноокат райондук көркөм сүрөт мектеп-интернаты, Х.Самиев, А.Абдуллаев, Абдубаитов атындагы орто мектептеринин жаш мугалимдери, окуучулары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×