Сүрөт: Алайдагы жол кырсыктан аял жүргүнчү каза болуп, жаш балдар ооруканага түштү
Turmush - Алай районунун аймагындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Окуя 16-ноябрда саат 16:00 чамасында Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусун кесип өткөн Ош – Эркеч-Там унаа жолунун 61-чакырымында болгонун Алай РИИБ тастыктады.
Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын 1978-жылы туулган тургуну Д.А. (эркек киши) "ДЭУ Ланос" унаасы менен Ош шаары тарапка бара жаткан. Анын унаасы каршы багыттагы "Мерседес-Бенц" унаасы менен аталган тилкеге жеткенде сүзүшкөн. Экинчи унааны Алай районунун 1988-жылы туулган тургуну Т.А. (эркек киши) башкарып жүргөн. Кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын жүргүнчүсү – Алай районунун 1961-жылы туулган тургуну А.Эгемжарова оор жаракат алып каза болду. Андан башка 3 жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Алар:
- маркумдун 2014-жылы төрөлгөн небереси (кыз);
- Алай районунун 1976-жылы туулган тургуну Ж.А. (аял киши), биринчи унаанын жүргүнчүсү;
- анын 2016-жылы төрөлгөн кызы.
Учурда бул окуяга байланыштуу тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.