Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ноокат 18.09.2018 16:41 На русском

Ноокат шаарынын борборунда жаңы үлгүдөгү жол чырактар орнотулду

Turmush -  Ноокат шаарындагы борбордук көчөлөрдүн кесилишине жаңы үлгүдөгү жол чырактар орнотулду. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында эски жол чырактарды алмаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Шаарды жарыктандыруу ишканасынын билдирүүсү боюнча, Ноокат районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына жана Ноокат шаарынын уюшулгандыгынын 15 жылдыгына карата «Коопсуз шаар», «Жарык шаар» долбоорлору ишке ашууда. Анын алкагында жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×