Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ноокат 18.09.2018 16:36 На русском

Ноокатта пара менен кармалган жер адиси кызматтан бошотулду

Turmush -  Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси бүгүн, 18-сентябрь күнү айыл өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан бошотулду. Айыл өкмөттүн башчысы Кутманбек Турсункуловдун айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы ага 10-сентябрь күнү кат жолдогон.

«Аталган кызматтан жер адисти убактылуу иштен бошотуу туралуу кат келген. Жер адисин бүгүн эртең менен иштен бошотуп, буйрукка кол койдум», - деди К.Турсункулов.

Буга чейин Ноокат районундагы айыл өкмөттөрдүн биринин жер адиси пара менен кармалганы маалым болгон. Аймактык кабарчы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга шилтеме берип билдиргендей, жер адис менен айылдык кеңештин депутаты жер тилке берүү убадасы менен акча алууну көздөшкөн.

Алар бул кызматын 50 миң сомго баалашкан. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жер адисти мыйзамсыз акча алып жаткан учурда кармашкан.

Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Турсункулов: «Акча сунуштаган адам жайыт жерге мыйзамсыз үй куруп алган. Комиссия текшерип, үйдү бузууга чечим чыгарган. Бирок ал адам ортого киши салып, акчасын жер адисинин үйүнө чейин барып бере албай жүргөн. Айылдык кеңештин депутаты акча сунуштаган кишинин кудасы болгондуктан ортомчулук кылып, акчаны жер адисине алып барып бермей болот. Депутат 50 миң сом акчаны алып, жер адисине кирип кеткен соң каржы полициясына кабарлап койгон. Жер адиси акчаны албай, депутат акчаны кайра алып чыгып бара жатканда кармалып калган. Учурда жер адиси ишин улантууда», - деген.

Кийинчерээк Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси менен айылдык кеңештин депутаты мыйзамсыз акча алганын аныктаган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө М.К. аттуу тургун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси жер тилкесин бергени үчүн 50 миң сом опузалап талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×