Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ноокат 31.07.2018 11:59

Ноокатта дыйкандар үчүн базар уюштурулду

Turmush -  Ноокат районунда дыйкандар үчүн базар уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургандар билдиришти.

Алардын айтымында, базар райондун акиминин демилгеси менен ачылган. 16-июлдан тарта райондун борборунда жашылча жана мөмө-жемиштерди сатууну иретке келтирүү боюнча рейд өткөрүлгөн. Рейдге шаар мэриясынан, райондук оорулардын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунан, райондук ички иштер бөлүмүнөн өкүлдөр катышты.

Учурда багбандар менен дыйкандар алган түшүмүн базарлардын ичинде сатышууда. Бирок алардын бул аракеттери айрым талаптарга жооп бербейт. Ошондуктан Ноокат шаарынын борбордук базары менен анын маңдайындагы С.Алимбаев көчөсү дыйкандар үчүн соода-сатык жайына айланды. Муну менен катар эле шаарга жакын жайгашкан Гулистан айыл аймагындагы стадион жана А.Мирмахмудов айыл аймагындагы базарда коон, дарбыз сатуу сунушталды.

Шаардын тазалыгын сактоо үчүн тиешелүү жерлерге таштанды контейнерлери орнотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×