Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Ноокаттагы кафеде 23 жаштагы жигитти бычактап өлтүргөн келин 8 жылга кесилди

Turmush -  Ноокат шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы жигитти бычактап өлтүргөн келинге сот өкүмү чыкты.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 1-июнда Ноокат райондук сотунун өкүмү менен айыпталуучу КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жазасын соттолгон аялдардын абагында өтөөсү көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө жогорудагы өкүм соттолуучу Д.О. тарабынан аппеляциялык тартипте даттанылып, эми Ош облустук сотунда каралат.

------------------------------------------------------------------------------

Ноокат шаарындагы кафелердин биринде 18-мартта 1995-жылы туулган жигиттин бычакталган денеси табылган. Бул оор кылмышка шектелип 19 жаштагы келин кармалган болчу.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум менен шектүү кафеде бирге иштеп жатышкан. Ошол күнү пияз тазалап жатканда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, келин маркумдун оң жак көкүрөгүнө бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган.

Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен иш козголгонун кабарлаган. Шектүү келин камакка алынып, экспертиза дайындалган.

Маалым болгондой, шектүү менен маркум Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын тургундары болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1385
Көп окулду
×