Ак-талаалыктар объектилердин 4 жыл мурун башталган курулушун бүтүрүүнү суранышты (фото)
Turmush - Ак-Талаа районунун жашоочулары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир катар эл өкүлдөрүнөн райондо 4 жыл мурун башталган курулуштарды бүткөрүп берүүнү суранышканын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 20-март күнү Ак-Талаа жергесине келген Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган эл өкүлдөрүнө жана министрликтердин өкүлдөрүнө райондун айрым тургундары ачуу чындыкты айтып, бир нече көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышты. Алар Чолок-Кайың айылындагы орто мектептин, Кош-Дөбө айылындагы спорт залдын, Терек айылындагы спорт залдын, райондук архивдин имаратын жана Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептин имаратына мындан 4 жыл мурун капсула салынып башталгандыгын, бирок мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай, акча каражаты бөлүнбөгөндүктөн улам учурда курулуш иштери токтоп тургандыгын айтышты.
Ошондой эле Ак-Талаа районунун бардык айылдарын бийик тоолуу аймакка киргизүүнү, Кош-Дөбө — Казарман унаа жолундагы 35 чакырым жолдун каралбай калгандыгын, жаштарга турак жай салууга жер берилбей жаткандыгын айтышты. Андан сырткары, Кош-Дөбө жана Ак-Тал айылдарында бала бакчалар жок экендигин билдиришип, бала бакча салуу керектигин айтып чыгышты.
Үгүт айылынын тургундары Жылуу-Суу чөлкөмүнүн Ала-Буга суусунун жээгинде кытайлардын алтындын запасын издөө жана чалгындоо, казуу иштери башталып жактандыгын айтышып, бул ишке каршылыктарын билдиришти.