Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Ноокатта сайроочу чымчыктарды мыйзамсыз колго түшүргөндөр изделүүдө (видео)

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Ата-Мерек адырынан бир нече сайроочу куштарды мыйзамсыз кармашкан жарандар изделүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-февраль күнү жүздөгөн сайроочу куштарды мыйзамсыз кармашкан жарандарды аталган айылдын тургундары видеого тартып алышкан. Тасмада алар чымчыктарды тордо кармап, капастарга салышкан. Учурда бул видеону Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош облустук өкүлчүлүгү иликтеп, андагы адамдарды издөөгө алды.

Сайроочу чымчыктарды кармап кеткендер Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1748
Көп окулду
×