Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ноокат 19.02.2018 11:00

Ноокатта муктаж жарандар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды (фото)

Turmush -  Ноокат шаарынын борборунда муктаж жарандарга жардам берүү максатында «Кайрымдуулук» аталышындагы дүкөн ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга демилгечи топтун мүчөсү Мансур Данияр уулу билдирди.

Анын айтымында, кайрымдуулук дүкөнү төрт жигиттин демилгесинин негизинде ачылды. «Кайрымдуулук алуучуга да, берүүчүгө да пайдалуу иш. Муктаж адамга жардам берилгенде анын адамдарга болгон таарынычы азаят. Ал эми, кайрымдуулук кылган адам эрктүүлүк, марттык менен кылган жакшы ишинен кубат алат. Аталган дүкөн райондун аймагындагы муктаж адамдарга кийим-кече, азык-түлүк жаатында жардам берет. Ачык-айкындуулук үчүн алынып келинген ар бир каражат атайын китепчеге жазылат. Кийинчерээк ал кимге берилгени да китепчеге түшүрүлөт», - дешти уюштуруучулар.

Алар дүкөндүн максаты элди кедей жашаган, муктаж адамдарга жардам көрсөтүүгө шыктандыруу, жаш муундарга руханий жана адептик тарбия берүү экенин белгилешти. Ошондой эле, алар калктын аярлуу катмарында кыйын шартта жашап жаткан жарандардын санын тактап, ар тараптан колдоо көрсөтүүнү көздөп жатышат.

Аталган кайрымдуулук дүкөнүнүнө жардам берүүнү каалаган жарандар 0774178348 (Эламан), 0777151440 (Мансур) жана 0777657777 (Абдулатиф) телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×