Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 7 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 16-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Ноокат шаарында мал сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 65 чарчы метр чатыры жана 200 боо түк жүгөрү сабагы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле, белгисиз себептерден улам Чүйдөгү Москва районунун Сретенка айылында «Фольксваген» (мамлекеттик номуру SA 04-25 ) үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1141
Көп окулду
×