Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ноокат 11.11.2017 14:59

Ноокаттагы ички жолдор оңдолду (фото)

Turmush -  Ноокат районунда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордогу чийиндер жаңыланып, ички жолдор асфальтталды. Мэриянын билдирүүсүндө айтылгандай, унаа жолдордогу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызыктар көрүнбөй калган эле.

Ошондой эле, шаардын аймагында ички жолдорду оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды. Кара-Турпак кварталындагы Эргешов, Жаштык, Кадыров көчөлөрүнө асфальт төшөлүп бүттү. Бул иштер шаардык мэриянын бюджетинен каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×