Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Ноокат шаардык мэриясына айып пул салынды

Turmush -  Ноокат шаардык мэриясына дарактарды уруксатсыз кыйгандыгы үчүн 22 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ноокат жана Араван райондор аралык экологиялык техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын башкы инспектору Маматисак Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, мэрия шаардын борборундагы айланма жолдун айланасындагы жараксыз дарактарды иретке келтирүү боюнча иш жүргүзгөн. Анын алкагында мэрия 34 даракты кыйып, жол боюн кеңейткен. Бирок, дарактарды кыюуга уруксат кагазын алган эмес. Мындан улам шаардык мэрияга 22 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1197
Көп окулду
×